Каракол шаарынын Дербишова жана Токтогула көчөлөрүнүн кесилишинде 15-июль күнү кечинде жол-транспорт кырсыгы катталды.
Бир айдоочу «Lexus 330» үлгүсүндөгү автоунаа менен мопеддин кагылышышы натыйжасында, мопедде бараткан эки өспүрүм жабыркады.
Учурда бул кырсык Караколдун ички иштер борборунун Реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Буга чейин бул аймакта бир нече жол-транспорт кырсыктары катталганын жергиликтүү тургундар айтышууда. Мисалы, бир ай мурун ушул аймакта 38 жаштагы аялды автоунаа сүзгөн.












