Каракол шаарында келечектеги чоң өзгөрүүлөрдүн алкагында бир нече масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлор шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана аны эл аралык деңгээлге көтөрүүгө багытталган.

Номад ТВ каналынын маалыматына ылайык, учурда шаарда бир эле учурда бир нече маанилүү объекттер курулууда. Алардын ичинде спорттук комплекстер, спортчулар жашаган кампустар жана заманбап Конгресс-холл бар.

Бул жаңы имараттар Караколдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, шаарды эл аралык мелдештерди жана ири масштабдагы иш-чараларды өткөрүүчү борбор катары калыптандырууга шарт түзөт.