Талас облусунун борборунда курулуп жаткан 5 миң орундуу борбордук стадиондун курулушу кызуу жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон жумушчу сапары учурунда бул стадиондун курулушунун абалы менен таанышкан.

Министрдин маалыматына караганда, стадион Кыргызстандын Эгемендик күнү менен ачылууга даярдалууда.

Бул объект шаарга жаңы спорттук мүмкүнчүлүктөрдү берип, жергиликтүү спортчуларды колдоого багытталат.