Бишкек шаардык соту Камчыбек Ташиев жана бир катар саясатчыларга каршы козголгон кылмыш иши боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Бул иш "бийликти кулатууга даярданган" деген айып менен байланыштуу.

Сот отурумунда сот процессин ачык өткөрүү маселеси 13-августта чечилери белгилүү болду. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.

Белгилей кетсек, биринчи инстанциядагы райондук сот Ташиевди жана башка саясатчыларды күнөөлүү деп тапкан. Райондук сотто бул процесс бир аз убакытка чейин ачык режимде өтүп, бирок журналисттердин жүрүм-турумуна тараптар даттангандан кийин жабык өткөрүлгөн.