Ысык-Көл облусунда Боз-Учук – Шахта – Жыргалан автожолунун 14,5 километрлик үзүндүсүн куруу иштери улантылууда. Бул жол Жыргалан өрөөнүнө жана «Ала-Тоо Резорт» тоо чабуу курортуна алып баруучу негизги маршруттардын бири болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянса, учурда жер иштеринин 62 пайызы аткарылды. Ошондой эле, 700 метр аралыкта асфальттын биринчи катмары төшөлгөн.
Курулуш учурунда негизги жолдо суу өткөрүүчү түтүктөр жана таяныч дубалдар орнотулду. Иштерди жүргүзүү үчүн атайын техникалар жана жумушчулар тартылган.
Курулуш боюнча көрсөткүчтөр










