НАВАнын маалыматы боюнча, жасалма сайттар, зыяндуу шилтемелер жана аккаунттарга уруксатсыз кирүү аракеттери аркылуу алдамчылык коркунучу күчөдү. Агенттик колдонуучуларга эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүнү, уникалдуу жана татаал сырсөздөрдү колдонууну, шектүү шилтемелерге өтпөөнү жана үчүнчү жактарга сырсөздөрдү, ырастоо коддорун, жеке ачкычтарды жана калыбына келтирүү фразаларын бербөөнү сунуштайт.
Керек болсо, актуалдуу маалыматты түздөн-түз НАВАдан тактаса болот. Мындан тышкары, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн кызматын колдонуудан мурун алардын НАВАнын расмий реестринде лицензиясы бар-жогун текшерүү зарыл.
Эскерте кетсек, Binance бүгүн масштабдуу маалыматтык коопсуздук окуясы жөнүндө билдирди. Компаниянын алдын ала маалыматы боюнча, чабуулчулар инженердин компрометацияланган ноутбугу аркылуу системалардын бирине кире алышкан. Бул аларга акча чыгаруу боюнча уруксатсыз операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген.
Binance капчыктардын жеке ачкычтарынын агып кетүү белгилери табылбаганын билдирди. Платформанын баалоосу боюнча, окуя болжол менен 6,3 миллиард долларлык активдерге тийди, анын ичинен 3 миллиард долларга жакыны өнөктөштөрдүн жардамы менен тоңдурулду. Калган 3,3 миллиард доллардын абалы такталууда.
Binance окуясынын сандары
Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулду түндүк кореялык хакердик топ башкарган болушу мүмкүн. НАВА жарандарды сергек болууга жана өз каражаттарын коргоо боюнча чараларды дароо көрүүгө чакырат.




















