Каракол шаарында 1000 орундуу заманбап конгресс-холлдун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан билдирилди.
Курулуш иштерин министрликтин карамагындагы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Долбоор Стабилизациялоо фондунун эсебинен каржыланууда. Учурда долбоорлоо иштери курулуш менен бир убакта жүрүп жатат.
1,6 гектар жер аянты
Объект жайгашкан жердин жалпы аянты
Курулуш-монтаж иштери ушул жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата имараттын пайдубалы толугу менен бүтүрүлүп, биринчи кабаттын плитасын бетондап бүткөн. Азыркы учурда экинчи кабаттын опалубкасын орнотуу үчүн таяныч стойкаларын монтаждоо иштери жүрүшүндө.







