Бишкекте Чыныгыз Айтматов проспектисиндеги мурдагы ВДНХ аймагында «Ырыс Ордо» деген жаңы конгресс-холлдун курулушу аяктап калды. Бул имарат мамлекет башчысынын администрациясы жайгашкан «Ынтымак Ордо» имаратынын жанында орун алат.

Жаңы комплекстин жалпы аянты 39 миң чарчы метр. Анда 1 238 орундуу конференц-зал, 1 000 орундуу банкет залы, беш консультациялык бөлмө жана заманбап басма сөз борбору болот.

Ошондой эле имараттын жанында 300 унаа үчүн тосмо аянтча курулмакчы. Андан сырткары конгресс-холлдун аймагында сегиз мейманкана салынууда.

Жаңы комплекстин курулушу 2024-жылдын жай айларында башталганы маалым болгон. Буга чейин тарыхый ВДНХ имаратынын аймагы тазаланып, анын ордуна бул ири долбоор курула баштаган.