Реставрациядан өткөн Каракол шаарынын тарыхый-чөйрө таануу музейинде 23-ноябрдан тарта жаңы экспозиция иштеп баштады. Көргөзмө ХХ кылымдын башында Тянь-Шаньды изилдеген венгр окумуштуулары Дьёрдю Алмаши (1867–1933) жана Дьюла Принцтин (1882–1973) эмгектерине арналган.

Иш-чарага музей кызматкерлери, «Дестинация Каракол» уюмунун өкүлдөрү, студенттер, шаар тургундары жана Венгриянын убактылуу ишеним боюнча өкүлү Андрей Букай катышты.

  1. 1900-жыл

    Дьёрдю Алмашинин биринчи экспедициясы болду

  2. 1906-жыл

    Алмаши Дьюла Принц менен биргеликте экинчи экспедицияга чыкты

  3. 1909-жыл

    Венгр илимдер академиясынын колдоосу менен Дьюла Принц илимий сапарга чыкты

Көргөзмөдө 1906-жылдагы экспедиция учурунда тартылган Алмашинин сүрөттөрү жана сүрөттөмөлөрү, ошондой эле Дьюла Принцтин 1909-жылдагы саякатын чагылдырган фотоматериалдары көрсөтүлгөн.

Кол келүүчүлөр Тянь-Шаньдын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, мөңгүлөрү, тоо тектери жөнүндө маалымат алуу менен бирге, ХХ кылымдын башындагы кыргыз элинин жашоо образы менен тааныша алышат.