Балыкчы — Каракол автожолунун пайдаланыла баштаганына бир жума гана болду, бирок Ак-Олон айылынын малчылары коркунучтуу кырдаалдан даттанышууда. Ортодогу бөлүүчү тосмо малдын адаттагы жолдорун жаап салгандыктан, жаныбарлар жолго чыгып кетип жатат.
Тургундардын айтымында, жолдун ортосундагы тосмо малды өткөрбөй коюуда. Бул жагдай айдоочулар үчүн да, мал ээлери үчүн да чоң коркунуч туудурууда. Акыркы учурда болгону бир күн мурун эле эки мал машинанын астына түшкөн.
Балыкчы мэриясы бул маселе боюнча комментарий берүүгө убакыт сурады. Азырынча алар суроолорго жооп бергенге аракет кылып жатышат.













