Карагана бадалы Суусамыр өрөөнүндө малчылар менен экологдордун ортосунда көп жылдардан бери талаш-тартыш жаратып келген. Бир тарап жайыт жерлерди азайтып жатат деп, аны химиялык каражаттар менен да жок кылууга аракет кылса, экинчи тарап карагананы пайдалуу өсүмдүк катары эсептеп, ага тийбөө керектигин айтып келишет. Бул талаш тууралуу кокусунан кабардар болгон кытайлык окумуштуулар көйгөйдү чечүүнүн жөнөкөй, бирок натыйжалуу жолун сунушташты.
Суусамыр өрөөнүн аралап өтүп жатып, тоо боорлорундагы жана түздүктөрдөгү кочкул жашыл тактарды байкагандырсыз. Бул — кыргызча "алтыгана" деп аталган карагана бадалы. Ал сабагында майда тикендери бар, жалбырактары кичинекей өсүмдүк. Карагана бир-бирине тыгыз өсүп, чөптүү жерлердин ортосунда чоң тегерекчелерди пайда кылат. Төөдөн башка үй жаныбарлары аны жебейт. Айрым окумуштуулардын айтымында, карагананын бийиктиги эки метрге чейин жетет, бирок жакындап өлчөсө, чоң кишинин тизесинен ашпаган учурлар да көп кездешет.
Суусамыр өрөөнүнүн батыш тарабында мындай "тактар" абдан көп кездешет. Бул бадал дарыя жээктеринде, нымдуулук жана көлөкө көп жерлерде жакшы өсөт. Карагана каптаган аянттын так саны жок, болжолдуу гана баалар бар. Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө илимий борборунун теңдиректору Саламат Абдыжапар уулунун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 38 миң гектарды түзөт.





