БУУнун Жаңылыктар кызматы тараткан маалыматка ылайык, Эл аралык электр байланыш союзу (ЭЭБС) акыркы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 2026-жылы дүйнө калкынын 76 пайызы интернет тармагына туташкан. Бул дээрлик 6,3 миллиард адам дегенди билдирет.

Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу өскөн. 2025-жылы такталган маалыматтар боюнча дүйнө жүзү боюнча интернет колдонуучулардын саны 6,1 миллиард адамды түзүп, 74 пайызга жеткен.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдө көрсөткүч жогору: 2026-жылы калктын 93 пайызы интернет колдонгон. Бул 2025-жылдагы 91 пайызга салыштырмалуу өсүш.

Бирок оң динамикага карабастан, 2 миллиард адам дагы эле тармактан тышкары калууда. Уюм белгилегендей, технологиялар канчалык өнүккөн сайын, интернетке жетпей калган адамдардын мүмкүнчүлүктөрү ошончолук чектелүү болот.

Жасалма интеллект доорунда интернетке кире албоо — адам үчүн билим алуудан жумушка орношууга чейинки чоң мүмкүнчүлүктөрдү жоготуу дегендик. Бүгүнкү күндө ар бир адамга, кайсыл жерде жашабасын, тармакка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана аны чындап натыйжалуу кылуу абдан маанилүү.
Эл аралык электр байланыш союзунун билдирүүсүнөн

Өлкөлөрдүн киреше деңгээли боюнча ажырым

ЭЭБС маалыматы санариптик теңсиздик дагы эле айкын экенин көрсөтүп турат. Кирешеси жогору өлкөлөрдө интернет колдонуучулардын үлүшү 93 пайызды түзсө, кирешеси төмөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч болгону 32 пайыз.

Дүйнөдөгү интернет колдонуу көрсөткүчтөрү

6,3 млрдинтернет колдонуучулар
76%дүйнө калкы
2 млрдинтернетке кире албагандар
93%жогорку кирешелүү өлкөлөрдө
32%төмөн кирешелүү өлкөлөрдө

Гендердик жана курактык айырмачылыктар

Союздун маалыматы боюнча, гендердик ажырым дагы деле бар: дүйнө жүзү боюнча эркектердин 79 пайызы интернет колдонсо, аялдар арасында бул көрсөткүч 74 пайыз. КМШ өлкөлөрүндө гендердик теңсиздик дээрлик жок: эркектердин 93 пайызы жана аялдардын 92 пайызы тармакка туташкан.

Жаш курак боюнча эң көп колдонгон топ — 15тен 24 жашка чейинкилер. Алардын 86 пайызы интернетти активдүү пайдаланышат.