Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2-октябрда саат 15:30 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кезекчи бөлүгүнө Беш-Күнгөй айылындагы аскердик госпиталдын шаарчасынын тургуну кайрылган. Ал 2019-жылы туулган уулу Кок-Жардагы машыгууга кетип, кайтып келбегенин билдирген.

Арыз катталгандан кийин Чүй облустук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктарына багыттамалар жөнөтүлүп, издөө иштери уюштурулган.

Беш-Күнгөй айылындагы милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспектору, улук лейтенант Н. Абдыкеримованын ыкчам аракеттеринин натыйжасында бала Ак-Орго конушундагы автобус аялдамасынан табылган. Бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.