Кыргызстан жана Өзбекстандан келген жалпы 20 студент эки жумалык окуу программасына катышты. Алар орус тилин окутуунун заманбап методдорун өздөштүрүп, Россиянын тарыхy жана маданияты менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.
Смоленск мамлекеттик университетинин ректору Михаил Артёменковдун айтымында, программада билим берүү жана маданий-таанышуу бөлүктөрү каралган. Бул окуу курсу жаш филологдор үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду.
Иш-чара «Русский мир» фондунун колдоосу менен уюштурулуп, регионалдык мааниге ээ экендиги белгилүү болду.

