Tazabek басылмасы билдиргендей, Эсеп палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, ошондой эле ага караштуу ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына аудит жүргүздү. Текшерүүнүн негизинде бир катар финансылык бузуулар жана кемчиликтер ачыкка чыккан.
Аныкталган негизги бузуулар
- Кирешелерди бюджетке өз убагында которбоо: акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү башкаруудан 535,2 млн сом, милдеттүү төлөмдөр боюнча 29,3 млн сом жана айып пулдардан 312,7 миң сом.
- Эмгек акыга жана башка төлөмдөргө ашыкча каражат сарптоо — 47,8 млн сом.
- Товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкчасы — 7,7 млн сом.
- Бухгалтердик эсептеги жана дебитордук карыздардагы бузуулар — 42 млн сом.
- Курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн ашыкча көрсөтүү — 5 млн сомдон ашык (толугу менен кайтарылган).
- Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордогу бузуулар — 13,8 млн сом.
Аудиттин жүрүшүндө бюджетке 560 млн 22,3 миң сом жана 3,8 миң АКШ доллары кайтарылган.
Эсеп палатасы министрликте ички финансылык контролдун деңгээли начар экендигин белгиледи. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бузууларды жоюу, калган карыздарды өндүрүү жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр жана сунуштар берилди.




