Кант шаарындагы асфальт-бетон заводунун жол тилкеси 1-6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдирүүсүндө, жол курулушу учурунда оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн айланма жол ачылганы маалым болду.

Жол кыймылына чектөөлөр убактылуу гана болот жана айдоочуларга жол белгилерин так сактап, көрсөтүлгөн айланма трасса менен жүрүү сунушталат.

Жол курулушуна байланыштуу айдоочулар үчүн убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги