Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, реконструкция иштеринин жүрүшүндө жолдун 6 чакырымына асфальттын эки катмары толук төшөлдү.

Учурда адистер жол белгилерин орнотуу, чийиндерди түшүрүү жана кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Жолдун жаңыланышы жергиликтүү тургундардын, коомдук транспорттун жана жүк ташуучу унаалардын каттамын жеңилдетип, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, автожолду реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталган. Курулуш министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.