Бишкек шаардык мэриясы оор жүк ташуучу унааларга багытталган убактылуу чектөөлөр жөнүндө жарыялады. Бул чаралар жолдордун сапатын коргоо, анын бузулушун алдын алуу максатында кабыл алынган.
Чектөөлөр 18 тоннадан ашуун жалпы массасы бар оор жүк ташуучу унааларга тиешелүү болуп, муниципалдык жолдордо ишке ашат. Алар 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00го чейин +28°С жана андан жогору температурада пайдаланууга тыюу салынат.
Мэрия бул убактылуу чектөөлөрдүн негизги максаты – жолдун чыдамдуулугун жана сапатын узак мөөнөттүү сактоо менен авариялык кырдаалдардын алдын алуу экени тууралуу эскертти.











