Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы белгилешинче, оор жүк ташуучу унаалардын борбор калаада жалпысынан 18 тоннадан ашкан салмагы бар унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Бул чектөө 2026-жылдын 20-майынан баштап, 1-октябрга чейин күчүндө болот. Ал күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин иштеп, абанын температурасы +28 градустан жогору болгондо гана колдонулат.
Чектөөнүн максаты – асфальт-бетон жолдордун жабуусун сактоо, жолдордун мөөнөтүнөн мурда бузулуп кетүүсүнө жол бербөө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
Мэрия оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен транспорттук компанияларды жаңы талаптарды эске алууга жана маршруттарын пландаштырууда өз убагында чара көрүүгө чакырат.
Ошондой эле чектөөлөр иштеп жаткан учурда аба ырайынын температурасы жана жүктүн салмагын эске алуу менен транспорттордун кыймылын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.










