Ош облусунун Алай районунда Кытайдан Өзбекстанга уй ташып бараткан жүк ташуучу унаа кырсыкка учурады. Күбөлөрдүн айтымында, КамАЗ үлгүсүндөгү унаага уйлар эки кабат болуп тийелген.

Окуя Алай районунун Үч-Дөбө айылына түшүүчү жолдо, Ош–Эркештам автоунаа жолунун 138-чакырымында болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, айдоочу айылга түшүүдө ылдамдыкты жогору коюп, бурулушка бата албай калып, унаа оодарылып кеткен.

«КамАЗ» ашуудан жогорку ылдамдыкта түшүп келе жатып, бурулушта рулду башкара албай оодарылып кетти. Жол кырсыгынын кесепетинен оор жүк ташуучу унаага материалдык зыян келтирилди. Уйлардын бир бөлүгү өлүп, бир бөлүгү аман калды, калгандарын ошол жерден союуга туура келди» деп айтылат УВД билдирүүсүндө.
Ош облусу боюнча ЖКККБ басма сөз кызматы

Кырсык 10-октябрда болгону айтылууда. КР Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, унаада Кытайдан Өзбекстанга бара жаткан 46 баш бодо мал болгон. Алардын үчөө өлүп, 43ү аман калган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча

46бардыгы уй
3өлгөнү
43аман калганы

Кырсыктан кийин аман калган мал жакынкы короого жайгаштырылып, жергиликтүү ветеринардык адистердин көзөмөлүнө алынган. 12-октябрда инспекторлордун көзөмөлүндө 43 баш уй башка жүк ташуучу унаага кайра тийелип, Өзбекстанга жөнөтүлдү.

Өлгөн үч мал Ош шаарындагы полигондун аймагындагы мал көмүүчү жайга ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көмүлүп, жок кылынды. Ошондой эле өлгөн мал жаткан жерлерге ветеринардык адистер тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн тартып Ош шаардык жана облустук регионалдык башкармалыктын инспекторлору, Ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Алай райондук ветеринардык башкармалыгы, мал чарба, жайыт жана тоют бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүштү.