Испанияда Мадрид шаарынын жана Авила провинциясынын жанындагы чоң токой өрттөрүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу AKIpress агенттиги билдирди.

The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, 70 миңден ашуун жергиликтүү тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Мадрид шаарынын жашоочулары үчүн өрттөн чыккан түтүндүн ден соолукка зыяндуулугу тууралуу эскертүү берди.

Испания Евробиримдиктен Европа Биримдигинин жарандык коргонуу механизми аркылуу жардам сурады.