Испанияда эки жүргүнчү ташуучу поезд кагылышып, кеминде 46 адам каза болду. Бул тууралуу Antena 3 телеканалы билдирди.

Видео: Номад

Кырсык Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы темир жол участкасында саат 9дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир состав экинчисине артынан келип урунган. Күчтүү соккудан улам акыркы эки вагон рельстен чыгып, жардан кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепеттери

46каза болгондор
179жаракат алгандар
2вагон рельстен чыкты

Окуя болгон жердеги абал

Knews.kg маалыматы боюнча, Граждандык гвардиянын кызматкерлери кеминде төрт вагон оодарылып калганын билдиришти. Өзгөчө кырдаал кызматтары каза болгондордун саны 39дан кем эмес экенин айтышты.

Adif темир жол компаниясынын билдиришинче, инцидент Renfe поезди менен Мадрид — Севилья багытында жүргөн Iryo компаниясынын поездинин ортосунда болгон.

Өзгөчө кырдаал кызматынын өкүлү AFP агенттигине учурда бардык ресурстар тартылганын, анын ичинде бир нече өрт өчүрүүчү бригада, үч тик учак жана эки мобилдик реанимациялык пункт иштеп жатканын билдирди.

Мен транспорт министри менен туруктуу байланыштамын. Өзгөчө кырдаал кызматтары жабырлануучуларга жардам көрсөтүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык тиешелүү органдар менен координацияда иштеп жатышат.
Педро Санчес, Испаниянын өкмөт башчысы

Поезддердин кыймылы токтотулду

Кырсыктан улам Испания өкмөтү Урда аймагындагы поезддердин графигин жокко чыгарды. Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы темир жол каттамы толугу менен токтотулду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана куткаруучулар окуя болгон жерде иштеп жатышат. Кырсыктын себептери такталууда.