Грециянын Саламин аралында токой өртү чыккандан кийин 593 адам пляждагы Сатерли аймагынан эвакуацияланды. Бул маалыматты «Катимерини» басылмасы билдирди.

Өрт аралдын түштүгүндөгү Перистерия аймагында жана чыгышындагы Селини аймагында эки багытта жайылып жатат. Куткаруу иштерине 260тан ашуун өрт өчүрүүчү, 58 техника, 10 учак жана 7 тик учак катышууда.

Өрт учурунда Перистериядан эки беймаалым адамдын сөөгү табылганы кабарланды. Ошондой эле 10 адам жаракат алды.

Өрт жашаган үйлөргө жана бир нече транспорт каражаттарына зыян келтирди.