Франциянын түштүк-батышында тездик менен жайылып жаткан токой өрттөрүнөн улам эвакуацияланган адамдардын саны 141 миңден ашканын республиканын премьер-министри Себастьян Лекорню билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.
Премьер-министрдин айтымында, өрт өчүрүүчүлөргө жардам берүү үчүн жеринде 500гө жакын аскер кызматкери тартылган. Бул сан ишемби күнү 1 миңге чейин көбөйүшү күтүлөт.
Буга чейин Франциянын Ички иштер министри Лоран Нуньес жыл башынан бери табигый өрттөрдөн улам күйгөн аянт 50 миң гектардан ашканын айткан. Өзгөчө татаал абал өлкөнүн түштүк-батышындагы Жиронда жана Ланд департаменттериндеги эки ири өрттөн улам түзүлдү.
Аномалдуу ысыктын фонунда Франциянын токойлору өрттөнүп жатат. Президент Эммануэль Макрондун айтымында, республика бул жайда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң көп табигый өрттөр менен күрөшүүдө.






