Германиянын өнөр жайы ай сайын болжол менен 15 миң жумуш ордун жоготуп жатат. Бул тууралуу DW басылмасы Германия өнөр жай федералдык бирикмесинин (BDI) башкы директору Таня Геннерге шилтеме берип билдирди.
Таня Геннердин айтымында, өлкө атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Немис өнөр жайына Дональд Трамптын президенттиги учурундагы АКШнын тарифтик саясаты жана Кытайдын күчөгөн атаандаштыгы олуттуу басым көрсөтүүдө.
Ал учурдагы абалды өнөр жай үчүн өтө оор деп баалады. Ошентсе да, Таня Геннер Германияда орун алган “жай деиндустриализацияны” токтотууга болорун айтты.
Жасалма интеллект технологиясынын аркасында өнөр жай азыр жаңы индустриалдык революциянын алдында турат. Бирок, трансформация процессине инвестиция тартууга мүмкүндүк берген алкактык шарттар чечүүчү фактор болуп саналат.



