Испаниянын Урда шаарында эки ылдам жүрүүчү поезд кагылышкандан кийин издөө иштери уланууда. Euronews кабарлагандай, акыркы расмий маалыматтар боюнча кырсыктан 69 киши каза тапкан.
Мурдараак бийлик 67 адам дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөнүн, анын 14ү чет элдик жарандарга тиешелүү экенин билдирген. Алардын ичинде АКШ, Канада, Австралия, Франция, Жапония, Мексика, Аргентина, Венесуэла, Тунис жана Чехиянын жарандары бар.
Дайынсыз жоголгондор
1-ноябрга карата дайынсыз жоголгондор тууралуу активдүү арыздардын саны 13кө чейин кыскарган.
Адистер каза болгон 69 кишинин 56сынын өздүгүн аныкташкан. Алардын арасында 54 Испания жараны, бир Франция жараны жана бир Португалия жараны бар. Калган 13 курман болгондордун ким экени азырынча белгисиз. Бул үчүн испан бийлиги башка мамлекеттер менен кызматташууда.
- 54 Испания жараны
- 1 Франция жараны
- 1 Португалия жараны
- 13 адам азырынча аныктала элек
Кырсык болгон жерде издөө иштери уланууда. Кастилия-Ла-Манча автономиялуу коомчулугунун башчысы Эмилиано Гарсиа-Паж куткаруучулар адам калдыктары салынган 31 баштык тапканын билдирген. Ушуга байланыштуу бийлик курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес.
Мындан тышкары, 1-ноябрга карата ооруканаларда 41 жабырлануучу калууда, алардын 16сы реанимация бөлүмдөрүндө.
Эске салсак, кырсык 28-октябрда Толедо провинциясынын Урда шаарына жакын жерде болгон. Мадрид — Севилья ылдам жүрүүчү темир жол линиясында Renfe жана Iryo компанияларынын эки жүргүнчү поезди кагылышкан.
- 28-октябрь
Урда шаарына жакын жерде эки поезд кагылышты
- 1-ноябрь
Активдүү дайынсыз жоголгондор тууралуу арыздар 13кө чейин кыскарды





























