Испаниялык ЖМКлар, анын ичинде El Pais жана RTVE, Мадриддеги «Аточа» вокзалындагы диспетчердик борбор менен эки машинисттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үн жаздыруусун жарыялады. Бул сүйлөшүүлөр шаршемби күнү эртең менен болгон кырсыктан бир нече мүнөт мурун болгон.

Мадридден Севильяга бараткан ылдам жүрүүчү поезд токтоп турган составга урунган. Кырсыктан кеминде 68 адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алды. Бул тууралуу Би-би-си билдирди.

Мамлекеттик Renfe компаниясына таандык бир поездде 397 жүргүнчү болгон. Анын алдында ошол эле линияда Iryo жеке компаниясынын 147 жүргүнчүсү бар поезди турган.

Поезддердеги жүргүнчүлөр

397Renfe поездиндеги жүргүнчүлөр
147Iryo поездиндеги жүргүнчүлөр
68Каза болгондор

Алдын ала маалыматтар боюнча, автоматтык сигнал берүү системасындагы бузулуудан — компьютердик мүчүлүштүктөн — жабыркаган тилкедеги бардык поезддер токтотулган.

Бирок Испаниянын транспорт министринин айтымында, кийинчерээк Renfe поездине «жаңылыштык менен» кыймылын улантууга буйрук берилген.

Жаздыруулардан бир ылдам жүрүүчү поездге, анын алдында болжол менен 25 чакырым алыстыкта башка поезд токтоп турганына карабастан, кыймылга уруксат берилгени көрүнүп турат.

LZB системасын өчүрүп, кайра күйгүзүңүз. Кыймылды улантыңыз. Андан кийин BSL [резервдик сигнал берүү системасы] башкаруусу астында кадимки тартипте уланта бериңиз.
Диспетчердин Renfe AVE машинистине буйругу

Жаздыруулардын биринде диспетчер Renfe AVE поездинин машинистине техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдогондон кийин кадимки ылдамдыкта кыймылды улантууга буйрук берет.

Азыркы учурда Испаниянын бийлиги кырсыктын так себептерин иликтөө иштерин жүргүзүүдө.