Исфара дарыясынын бассейниндеги суу чарба уюмдары өтө оор абалда турат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы консультативдик комитеттин жыйынында Эл аралык суу ресурстарын башкаруу институтунун улук илим кызматкери Искандар Абдуллаев айтты.

Адистердин жетишсиздиги бассейндеги үч суу чарба уюму үчүн эң башкы тоскоолдук болуп саналат. Мамлекеттик мекемелер адистерди окутуп жатышса да, төмөн эмгек акыдан улам алар жумуштан кетип калышууда.

  • Каржылоонун жоктугу
  • Техникалык объекттерди иштетүү маселелери
  • Персоналдын квалификациясынын төмөндүгү
Ранее по темеБорбордук Азиядагы суу чарбаларынын каржылоосундагы жетишсиздик 40-50% түзөт

Эксперттин маалыматы боюнча, бассейндеги тогуз институционалдык көйгөйдүн жетиөөсү бардык тараптар үчүн жалпы болуп саналат. Ошондой эле, суу пайдалануучулардын ассоциациялары техникалык функцияларды аткара албай жаткандыгына бардык тараптар нааразы.

Учурда ремонт иштери кечигип жатат. Каражаттын жетишсиздигинен улам, уюмдар узак мөөнөттүү пландаштырууга эмес, болгону күнүмдүк маселелерди чечүүгө гана көңүл буруп жатышат. Ошондой эле, каражат жоктугунан биринчи кезекте мурункудан бузулуп калган объекттер гана оңдолууда.

Органызациялар кризистик абалда.
Искандар Абдуллаев

Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын кызмат көрсөтүү форматы да өзгөрүп жатат; бассейндин эки бөлүгүндө мындай ассоциациялар такыр жок болуп калган.