Кыргыз Республикасынын 2050-жылга чейинки жерди рационалдуу пайдалануу жана мейкиндикти өнүктүрүү концепциясында суунун жетишсиздиги өлкө үчүн эң олуттуу узак мөөнөттүү чакырыктардын бири экени белгиленген. Суунун жоголушунун негизги себептери катары ирригациялык инфраструктуранын физикалык эскириши көрсөтүлүүдө.

СторисКыргызстанда айдоо системаларында суунун жоготуусу өтө жогоруСлайддар: 6
  1. Кыргызстанда айдоо системаларында суунун жоготуусу өтө жогору
  2. Негизги көйгөй: Себеби — инфраструктуранын эскириши; Климаттын өзгөрүшү да таасир этүүдө
  3. 6,8 млрд куб метр — 2025-жылы айдоо жерлерин сугаруу үчүн болжолдонгон суунун көлөмү
  4. Кошумча факторлор: Мөңгүлөрдүн эриши; Калктын санынын өсүшү; Айыл чарбасын кеңейтүү
  5. 2025 — Чу жана Талас дарыяларынын бассейндерди изилдөө жүргүзүлдү; 2030 — Башка бардык дарыя бассейндерди изилдөө иштерин аяктоо пландалууда
  6. Кийинки кадамдар. Суунун жеткиликтүүлүгүн баалоо жана суу коркунучу бар аймактардын карталарын түзүү пландалууда.

6,8 млрд куб метр суунун көлөмү

2025-жылы айдоо жерлерин сугаруу үчүн болжолдонгон суунун көлөмү.

Суу чарбалык системасына кошумча күч келтирген факторлор абдан көп. Алардын арасында климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, калктын санынын өсүшү, айыл чарба өндүрүшүнүн кеңейиши жана калктуу конуштарда сууну керектөөнүн көбөйүшү бар.

Сууну башкаруудагы жаңы кадамдар

Жаңы концепциянын алкагында суунун жеткиликтүүлүгүн дарыялардын бассейндер боюнча баалоо сунушталууда. Бул процесс дарыялардын агымын, мөңгүлөрдүн абалын, сезондук жана көп жылдык өзгөрүүлөрдү, ошондой эле калктын, айыл чарбанын, энергетиканын жана жаратылыш экосистемаларынын муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Бул максатта суу чарбалык баланстарды жана суу коркунучу бар аймактардын карталарын түзүү пландалууда.

  1. 2025-жыл

    Чу жана Талас дарыяларынын бассейндерди изилдөө жүргүзүлдү

  2. Учурда

    Нарын дарыясынын бассейнин изилдөө иштери уланууда

  3. 2030-жылга чейин

    Башка бардык дарыя бассейндерди изилдөө иштерин аяктоо пландалууда