6-ноябрда президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда Кара-Жыгач айыл аймагынын тургуну Диляра Султанбекова суу менен камсыздоо маселесин көтөрүп, акыркы 20 жылда айыл аймактын беш башчысы алмашканын, алардын экөө көз жумганын, үчөө коррупция боюнча кармалганын айтты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков АРИС боюнча суроолор көп экенин белгиледи. Анын айтымында, 20 жыл бою долбоорлор сапатсыз аткарылып, подрядчылар каалагандай тандалып, келишимдер туура эмес түзүлгөн.
20 жыл бою долбоорлор сапатсыз аткарылды, подрядчылар каалагандай тандалып, келишимдер туура эмес түзүлдү. Азыр «Кыргыз таза суу курулуш» мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө. Ишкана өзү объектилерди куруп, эксплуатациялайт.
президента Садыр Жапаров «Баарын кайрадан жасоого туура келеби?» деп тактады. Министр «Ооба, баарын кайрадан жасай баштайбыз. АРИСтин суу боюнча бардык долбоорлорун көзөмөлгө алабыз» деп жооп берди.
Суу менен камсыздоо маселеси
Тургундар суу менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү көтөрүп, 77 миллион сомго курулган долбоор натыйжа бербей жатканын айтышты. Эсептегичтердин иштебей калышы жана түтүктөрдүн жарылышы суунун үзгүлтүксүз келишин камсыздай албай жатканын көрсөтүп турат.













