2026-жылдын алты айлык мөөнөтүндө Кыргызстандын баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча 95 жаңы эмиссия катталды. Анын жалпы суммасы 224 миллиард 353 миллион сомду түздү.
Бул эмиссиялардын ичинен акциялар негизги үлүштү ээлейт: 42 эмиссия ачык акционердик коомдор, ал эми 38 эмиссия жабык акционердик коомдор тарабынан чыгарылган.
Корпоративдик облигациялар секторунда болсо жеке компаниялардын бир гана эмиссиясы катталып, анын объёму 100 миллион сомду түздү.
Кыргызстандын баалуу кагаздар базары







