Ош облусунун Араван районунда 9-августта болжол менен кечки саат 18:00 чамасында 38 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургундун үстүнөн зомбулук фактысы катталды.
Маалыматка караганда, үч жаш жигит М.Аны сөз кылыш үчүн үйдөн чыгып келгенге мажбурлашкан жана күч менен унаага отургузууга аракет кылышкан.
М.А каршылык көрсөткөндө, анын башына кастет менен сокку урган. Андан кийин шектүүлөр автоунаадан металлдык предметтерди алып чыгып, анын башына жана денесине бир нече сокку урушкан.
Жакын жердеги коңшулар жардамга аралашканда, шектүүлөр аларды да коркутушкан.
Ал алган жаракаттан улам бейнеси үзүлүп, ооруканага жеткирилди жана учурда дарыланууда.
Окуя боюнча Ош облусунун ички иштер бөлүмү тарабынан КР УКунун 280-беренеси («Хулиганство») менен кылмыш иши козголгон.
Видео байкоо камераларынан алынган материалдарды изилдөөдө шектүүлөрдүн кимдиктери аныкталып, 2002, 2006, 1998-жылы туулган үч жигит кармалды.
13-августта Араван райондук соту алардын бөгөт чарасын карап чыгып, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.















