2026-жылдын алгачкы жети айында Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 238,3 миллиард сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,6 эсе көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинин биринчи орун басары Назира Керималиева билдиргендей, мындай өсүшкө мамлекет ичиндеги да, тышкы булактардан келген каржылоолор да салым кошту.

Инвестициялар негизинен транспорттук жана жүктү сактоо объектилерин курууга, пайдалуу кен казууга, билим берүүгө, өндүрүшкө жана электр энергиясы, газ менен бууга камсыз кылууга, кайра иштетүү өнөр жайына жана турак жай курууга багытталган.