Кыргызстанда мамлекеттик казначылык облигацияларынын жалпы көлөмү 500 миллион сомду түзүп, анын 230 миллион сому сатылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров билдирди.
Облигациялар жылына 17% киреше менен сунушталып, бул мамлекеттик кымбат баалуу кагаздар үчүн жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Бул долбоордун негиздөөчүсү — мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган өкмөттүн токтому.
Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатылып жаткан облигациялар мурда негизинен банктар менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан сатып алынса, учурда пилоттук режимде жарандарга да сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилди.
Абиров бул көрсөткүчтү жакшы деп баалап, жакын арада бардык облигациялар сатылып бүтөрүнө үмүт артты.
Ошондой эле, Кыргызстандын кымбат баалуу кагаздардын рыногу акыркы жылдары кескин өсүп келет. 2023-жылы фондулук биржадагы сатуу көлөмү 29 миллиард сом болсо, 2024-жылы ал 109 миллиард сомго жетти, ал эми 2025-жылы 119 миллиард сомго чамалады.
Мамлекеттик облигациялар сатуу көлөмү











