Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы алты айында курулуш тармагына жасалган негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204 миллиард 427 миллион сомго жетти.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында инвестициялардын өлчөмү өткөн жыл менен салыштырганда 1,6 эсеге өскөнү белгиленди.
Ошондой эле, бул мезгилде курулуш тармагында түзүлгөн жалпы валовый продукция 208 миллиард 745 миллион сомду түзүп, мурунку жылга салыштырганда 1,7 эсе жогору болду.


