Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав Нарын облусуна барып, аймактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова менен жолугушту. Бул тууралуу аймактын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө билдирилет.
Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Индия ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле билим берүү, маданият, медицина, айыл чарба, туризм жана инвестицияларды тартуу тармактарындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын (ITEC) алкагында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи Нарын шаарындагы «Мейкин» реабилитациялык борборуна барып, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын жашоо шарттары жана аларга көрсөтүлүп жаткан колдоо менен таанышты.














