Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Назарали Арипов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев да катышты. Ал Назарали Ариповду элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы, анын ичинде чек ара аймактарындагы кызматташтыктын мындан ары да өнүгөрүнө ишеним билдирди.
Бактыбек Токсонбаев коңшу өлкө менен туруктуу жана ишенимдүү мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун катышуучулары достук байланыштарды чыңдоо, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чек ара аймактарында туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча пикир алмашышты.
Тараптар эки өлкө ортосундагы макулдашууларды аткарууга жана Баткен менен Согди облустарынын өз ара аракеттенүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурушту.
Назарали Арипов Баткен облусунун мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, Тажикстан менен ар тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода байланыштарын активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.






















