Азыркы учурда тестирлөө Бишкек шаарындагы үч жайга, ошондой эле Нарын жана Ош шаарларында өткөрүлүп жатат. Субтесттердин үч түрү боюнча жыйынтыктар компьютердин жардамы менен дароо көрсөтүлөт. Акыркы жооп берилген замат, экранда натыйжалар чыгып калат. Тексттик жана ооз эки бөлүктөр компьютерде аткарылып, маалыматтар мекеменин базасына сакталат.

Экспертти баалоочу бөлүккө текст гана берилет, ал эми ооз эки бөлүктө аудиожазуу гана жөнөтүлөт. Эксперт аны угуп, баалайт.
Батма Топоева-Ставинская

Баалоо процессинде купуялуулукту сактоо үчүн атайын техникалык кадамдар жасалат. Эксперттер текшерүү учурунда тестирлөөчүлөрдүн аты-жөнүн же жеке маалыматтарын көрбөйт. Ошондой эле, жооптор кайсы аймактан берилгени же кимге таандык экени белгисиз бойдон калат. Бул ыкма баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.