Министрлер Кабинетинин төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кенештин жыйынында Барскоон-Бедель автожолунун курулуш процесси тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жолдун негизги курулуш иштерин 2029-жылга чейин аяктоо пландалууда, ал эми 2030-жылы жолду толугу менен пайдаланууга берүү каралган.

СторисБарскоон-Бедель автожолу 2030-жылы ачылатСлайддар: 5
  1. Барскоон-Бедель автожолу 2030-жылы ачылат
  2. 161,4 км — жолдун жалпы узундугу
  3. Курулуштун мүнөздөмөсү: 50 көпүрө; 2 тоннель; 814 атайын техника; 1700 жумушчу
  4. Башка долбоорлор. Көк-Арт тоннели аркылуу Жалал-Абад менен Балыкчынын ортосундагы жол 13 сааттан 6 саатка чейин кыскарды
  5. 9,4 млрд сом — аэропортторду заманбап кылууга жумшалган каражат

Курулуштагы көрсөткүчтөр

1700жумушчулар
814атайын техникалар

Учурда курулуш аянтында тоннелдерди өткөрүү иштери жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 161,4 километрди түзөт. Долбоордун алкагында көптөгөн инженердик курулуштарды жасоо пландаштырылган.

Жолдун мүнөздөмөсү

161,4км жолдун узундугу
50көпүрө
2тоннель

Барскоон-Бедель жолунун курулушу 2025-жылдын 27-августунда башталган. Андан бир ай өткөндөн кийин тоннелдерди казуу иштери башталган. Курулуш иштерин China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan өкүлчүлүгү жүргүзүүдө.

Транспорттук инфраструктурадагы башка өзгөрүүлөр

Адылбек Касымалиев өлкөдөгү башка транспорттук долбоорлордун жүрүшүн да белгиледи. Бишкек шаарында түндүк айлана жолу 33,4 километрге кеңейтилсе, чыгыш айлана жолунун 16 километрлик бөлүгү курулуп жатат.

Ошондой эле, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы 3,9 километрлик Көк-Арт тоннели боюнча жайкы кыймыл ачылды. Бул Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки жолду 13 сааттан 6 саатка чейин кыскартты.

Темир жол тармагында да иштер жүрүүдө. 25-июлда Балыкчы-Кочкор темир жолу ачылып, октябрь айынан тарта Кочкордон Бишкекке көмүр ташуу башталды. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна 10 миңден ашык адис тартылган.

Авиация тармагында да модернизация иштери жүрүүдө. «Манас» аэропорту жаңылангандан кийин иштеп баштаган. «Кыргызстан аэропорттору» өз каражатынан аэропортторду заманбап кылуу үчүн 9,4 млрд сом жумшаган.