Сынактын негизги максаты — электр энергиясын сарамжалдуу колдонуу боюнча аң-сезимди ойготуу жана калктын энергетикалык сабаттуулугун жогорулатуу. Министрлик журналисттик сөздүн коомдук пикирди калыптандыруудагы жана адамдардын адаттарын өзгөртүүдөгү маанилүү ролун белгилеп өттү.

Кайсы материалдар кабыл алынат?

  • Телесюжеттер
  • Макалалар
  • Маектер
  • Репортаждор
  • Радиоберүүлөр
  • Видеороликтер
  • Reels
  • Инфографика

Катышуучулар өлкөнүн бардык аймактарынан болушу мүмкүн. Маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде жөнөтүлөт. Жеңүүчүлөргө кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү заманбап техникалык түзүлүштөр жана жабдуулар берилет.

Сынактын мөөнөтү жана катышуу тартиби

  1. 2026-жыл, 23-ноябрь

    Сынактын башталышы

  2. 2026-жыл, 23-декабрь

    Материалдарды кабыл алуунун аякташы

Катышуу үчүн арыздарды жана жарыяланган материалдардын шилтемелерин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

Өнөктөштөр

  • «Электрические станции» ААК
  • «Национальная электрическая сеть Кыргызстана» ААК
  • «Чакан ГЭС» ААК
  • «Кыргызский энергетический расчетный центр» ААК
  • «Кыргызкомур» ААК