Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Бука айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында Шырдакбектин-Сайы суусунун жээгин чыңдоо иштери жүрүүдө. Бул курулуш жээк эрозиясынын алдын алуу жана үйлөрдү сел менен суу басуудан коргоо үчүн жасалууда.
Курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Баткен көчмө механикалаштырылган отряды ишке ашырууда. Иштер 2026-жылдын 1-октябрынан бери башталып, учурда аяктоо стадиясына жетиптир.
Дамбанын курулуш өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй түзүлгөн:
- 47 метрлик участогу эки катар таш менен бекемделет
- калган 333 метрлик бөлүгү бетон менен куюлат



















