«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңеши 2-ноябрда Ильгиз Сыдыгалиевди башкы директорлук кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды. Компаниянын маалыматы боюнча, ал башка жумушка өтүүдө.
Ильгиз Садыгалиев компанияда бир жылдан ашык иштеген. Ал бул кызматка 2025-жылдын сентябрь айында дайындалган эле. Жаңы башкы директордун ким болору азырынча айтыла элек.
Ошол эле жыйында капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун орун басары Искандер Адиев да кызматтан бошотулду. Анын ордуна Гүлжигит Мурзакаримов дайындалып, жамаатка тааныштырылды.
Өзгөчө көңүл электр тармактарын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө, электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну активдештирүү зарылчылыгына бурулду деп билдиришти компаниядан.
Кадр чечими
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК


Гүлжигит Мурзакаримов
Жаңы орун басар
Директорлор кеңешинин чечими2025-жыл, 2-ноябрь






















