Мирлан Максутов «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна (ААК) караштуу Чүй электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Тийиштүү буйрукка «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев кол койгон.

Жаңы дайындалган орун басарды жамаатка «НЭС Кыргызстана» ААКтын капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун орун басары Искендер Адиев тааныштырды.