Марат Раймалиев «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКтын Ош электр тармактар ишканасынын филиалынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Жаңы жетекчини жамаатка «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКтын коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырды.

Бул дайындоого чейин Марат Раймалиев Бишкек электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Ош электр тармактар ишканасынын мурунку директору Тилек Жолдубай уулу өз каалоосу боюнча кызматтан бошотулган.