Алай районунун Гүлчө шаарында бир катар көчөлөр асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, асфальттоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Тактап айтканда, Ш.Абдиев көчөсүнүн 1 миң 700 метр, Ж.Жунусов көчөсүнүн 400 метр, Абдибаитов көчөсүнүн 300 метр жана М.Адышев көчөсүнүн 250 метр тилкелери асфальтталды.

Асфальтталган көчөлөр

1700метр — Ш.Абдиев көчөсү
400метр — Ж.Жунусов көчөсү
300метр — Абдибаитов көчөсү
250метр — М.Адышев көчөсү

Жол куруу иштерин №959 жол пайдалануу ишканасы аткарды, ал эми көчөлөрдү кеңейтүү жана ачуу иштерин Гүлчө шаардык мэриясы жүргүздү.

Белгилей кетчү жагдай, аткарылган иштердин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири Ш.Абдиев көчөсүнүн И.Умаров көчөсү менен кошулушу болду. Мунун аркасында шаар тургундары үчүн кошумча альтернативалуу жол ачылды. Бул кадам шаар ичиндеги жол кыймылын жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Жолдорду пайдаланууга берүү иш-чарасына акимдин биринчи орун басары Шерикбай Жапанов, Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаева жана №959 жол пайдалануу ишканасынын жетекчиси Данияр Маматалиев катышты.