Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнүн жетекчиси, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы балдар онкологу Султан Стамбеков «Эне үмүтү» коомдук фондунун директору Ирина Емдин балдар кызматынын абалы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.
Анын айтымында, кайрымдуулук ишмердиги менен клиникалык медицина ар башка тармактар жана аларды чаташтырууга болбойт.
Онкаспар дарысы жана дарылоого кийлигишүү маселеси
Басылмада «онкаспардын» бир флакону индиялык «аспарагиназа» препараты менен төрт курс химиотерапияны алмаштыра алат деген пикир айтылган.
Бул медициналык жактан туура эмес формулировка экенин Султан Стамбеков баса белгиледи.
Мындан тышкары, бөлүмдө дарылоо эл аралык протоколдорго, атап айтканда BFMге ылайык жүргүзүлөт. Колдонулуп жаткан протоколдо «аспарагиназаны» колдонуунун белгилүү бир схемасы каралган. «Пегаспаргаза» бул схемада каралган препаратты автоматтык түрдө алмаштыра албайт.
Дары тандоо — бул жеке каалоонун маселеси эмес, дарылоо протоколуна негизделген клиникалык чечим экенин адис белгиледи.
Султан Стамбеков балдар онкология кызматынын иши ачык-айкын экенин жана ар кандай сын конструктивдүү диалогдун алкагында кабыл алынарын кошумчалады.





















