Өмүр баяны жана билими
Сейитбек Аматов 1955-жылы 2-ноябрда Кара-Суу районунун Сарай айылында туулган. Ал 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, 1998-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. Адистиги — биология жана химия мугалими, окумуштуу агроном. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент илимий наамга ээ болгон.
Эмгек жолу
Эмгек жолун 1970-жылы Кара-Суу районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу болуп баштаган. Кийинчерээк Киров атындагы орто мектепте дене тарбия мугалими, андан соң Кара-Суу шаарындагы интернатта мугалим болуп иштеген.
- 1970–1972
Кара-Суу районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу
- 1972–1973
Киров атындагы орто мектепте дене тарбия мугалими
- 1973–1978
Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология-химия факультетинин студенти
- 1978–1980
Киров атындагы орто мектепте жана Кара-Суу шаарындагы интернатта мугалим
- 1980–1984
Кыргызстан ЛКЖС Кара-Суу райондук комитетинде инструктор жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы
- 1984–1985
Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Кара-Суу райондук комитетинин айыл чарба бөлүмүндө инструктор
- 1985–1986
Кара-Суу райондук агроөнөр жай бирикмесинин (РАӨБ) төрагасынын биринчи орун басары
1986-жылдан 1991-жылга чейин Ош айыл чарба техникумунун окуу-тарбия иштери боюнча директордун биринчи орун басары болуп эмгектенген. Кийинчерээк ушул эле окуу жайдын директору кызматын аркалаган.
Коштоп жатышат
Сейитбек Аматов 2025-жылдын 30-октябрында дүйнөдөн кайтты. Сөөгү 31-октябрда Кара-Суу районунун Киров айылында коюлат.























