Гарантиялык фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстандын облустук ишкерлерине фонддун бардык кепилдиктеринин 76% берилген. Бул колдоо облустук бизнеске 6 миллиард 588 миллион сомдон ашык насыя каражаттарын тартууга мүмкүндүк берген.

Жылдын январынан сентябрына чейин фонд жалпысынан 1 523 кепилдик берип, алардын жалпы суммасы 3 миллиард 847 миллион сомду түзгөн. Бул кепилдиктер ишкерлерге 12 миллиард 831 миллион сомго чейин насыя алууга мүмкүнчүлүк берген.

Облустук колдоо боюнча негизги маалыматтар