Кыргызстандын аймактарында иш алып баруучу ишкерлер үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында жаңы демилге берилди. Министрлер Кабинетинин токтом долбоору боюнча, жеңилдетилген кредиттердин максималдуу суммасын 20 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин көтөрүү сунушталып жатат.

СторисИшкерлер үчүн кредиттердин суммасы көбөйтүлөтСлайддар: 6
  1. Ишкерлер үчүн кредиттердин суммасы көбөйтүлөт
  2. Эмне өзгөрөт. Региондордогу ишкерлерди колдоо максатында жеңилдетилген кредиттердин чеги жогорулатылат.
  3. 20 млн сом — кредиттин учурдагы максималдуу суммасы
  4. 30 млн сом — сунушталып жаткан жаңы максималдуу сумма
  5. Каржылоо тармактары: Туризмдик инфраструктура; Жеңил өнөр жай; Агроөнөр жай комплекси; Билим берүү жана ден соолукту сактоо
  6. Мүмкүнчүлүктөр. Кредиттер мейманканаларды курууга, соода борборлорун жана спорттук комплекстерди оңдоого жумшалат.

Бул документ «Кыргыз Республикасынын региондорунун экономикалык өнүгүүсү» долбоорун ишке ашыруу тартибин өзгөртүүнү караштырат. Негизги максат — региондордогу бизнес өнүгүшүнө шарт түзүү.

максималдуу кредиттин суммасы20 млн сом30 млн сом +50%

Кредиттин шарттарын кайра карап чыгуу зарылчылыгы «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКтын өкүлдөрү өлкөнүн облустарындагы ишкерлер менен жолугушуу өткөндөн кийин аныкталган. Ишкерлер насыянын суммасын көбөйтүүнү жана мамлекеттик каржылоо мүмкүн болгон багыттардын тизмесин кеңейтүүнү суранышкан.

Кайсы тармактарга каражат берилет?

Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, жеңилдетилген кредиттер төмөнкү тармактарды өнүктүрүүгө жумшалат:

  • туризмдик инфраструктура
  • жеңил өнөр жай
  • өндүрүш
  • ден соолукту сактоо
  • билим берүү
  • энергетика
  • агроөнөр жай комплекси
  • кызмат көрсөтүү чөйрөсү

Атап айтканда, туризм тармагында мейманканаларды, конок үйлөрүн, капсулалык үйлөрдү жана глэмпингдерди курууга, ошондой эле туристтик автобустарды жана жабдууларды сатып алууга каражат берүү каралган. Ал эми кызмат көрсөтүү тармагында соода борборлорун, сулуулук салондорун, СПА-центрдерди жана спорттук комплекстерди куруу же оңдоо үчүн каржылоо мүмкүн болот.