2026-жылдын 29-июлунда Билим берүү министрлигинде Европалык Биримдиктин DARYA долбоору менен башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү.

Жолугушууга билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачева жана долбоордун өкүлдөрү катышты.

Талкуунун негизинде практикалык билим берүүнү көбөйтүү, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, окуу китептерин жаңылоо жана заманбап кадрларды даярдоо ыкмаларын киргизүү боюнча иштер улантылары белгиленди.

Мындан тышкары, 2026-жылдын сентябрь айында кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча улуттук семинар өткөрүү пландалып, анда стандарттарды түзүү жаатында адистерди окутуу каралган.

DARYA долбоорунун орто мөөнөттүү жыйынтыктары тууралуу билдирилип, кесиптик лицейлерде SCAFFOLD методологиясын колдонуу, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу системасын мониторингдөө жана кесиптик компетенцияларды көз карандысыз баалоо иштеринин жүрүп жатканы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.